Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Бишкек—Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы Кароол айылында тилкесинде таңкы саат 04:00дөн 07:00гө чейин айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө уйкусу келип, унаа башкарган айдоочулар токтотулуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тиешелүү кызматкерлер айдоочулардын абалын көзөмөлгө алып, алардын уйкусун ачуу боюнча чараларды көрүштү.
Мындан тышкары медицина кызматкерлери айдоочулардын кан басымын текшерип, жолдо коопсуз жүрүү боюнча кеңештерин беришти.
Адистердин айтымында, узак жолдо чарчоо жана уйку жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Ошондуктан айдоочуларга жолго чыгар алдында жакшы эс алып алуу сунушталат.