Turmush — Кыргызстанда бүгүн, 7-апрелде 2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынын 16 жылдыгы белгиленип жатат. Бул окуялар бийлик алмашууга жана өлкөнүн дээрлик бардык жетекчилигинин качып кетишине алып келген.
АКИpress архивинин маалыматтарына караганда, Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы кан төгүлгөн окуялардын алдын ала белгиси 6-апрелде Талас шаарында оппозициянын тарапкерлери менен укук коргоо органдарынын ортосунда болгон кагылышуулар болду.
Буга чейин 5-апрелде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев оппозициянын мыйзамсыз митингдерине жол бербей турганын, алар катуу көзөмөлгө алынарын билдирген.
Таласта чогулган оппозициянын өкүлдөрүн түштүк облустардын жана Бишкектин милиция кызматкерлеринен түзүлгөн атайын спецназ тарата баштаган. Ошол эле учурда укук коргоочулардын байкоолору боюнча чагымчылдык аракеттерге болгон. Мисалы Талас облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдындагы аянтта милиция кызматкерлери оппозициячыл саясатчы Болот Шерниязовду кармап кетишкен.
Бул таластыктардын нааразычылыгын жараткан жана алар милицияны таш бараңга алышкан. Аянт бир нече жолу демонстранттардан тазаланып, бирок кечинде жана түндө милицияны массалык түрдө сабоо башталган. Жергиликтүү тургундар спецназдын 200дөн ашык кызматкерин сабап, милиция кызматкерлери топтолуп калган облустук администрациянын жана облустук ички иштер башкармалыгынын имараттарын өрттөшкөн. Алардын бир бөлүгү шаарды аралап качып, жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө жашынышкан. Ошол эле учурда ички иштер башкармалыгынан 700дөн ашык курал жоголуп, убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 70ке жакын адам качып кеткен.
Түн ичинде абалды тынчтандыруу үчүн Таласка ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев жана вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жөнөтүлгөн. Бирок анын тобу да таркатылып, министр Молдомуса Конгантиев барымтага алынып, катуу сабалган. Вице-премьер-министр Акылбек Жапаров да дайынсыз жоголгон. Ал бир нече күндөн кийин гана тирүү экени жана зыян тартпаганы белгилүү болгон.
Талас телерадиокомпаниясынын мурдагы жетекчиси, журналист Машакбай Рахманкулов архивдик сүрөттөр менен бөлүштү. Кадрлар 2010-жылдын 6-апрелинде Талас шаарында тартылган.