Turmush — Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Ашуу тилкесиндеги 15 гектар жерди иштетүүгө тоскоолдуктар болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Анарбай Эргешов АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтып чыкты.
Анын айтымында тоскоолдуктардан улам бүгүнкү күндө эгиндер айдалбай турат.
«Урматтуу президент биздин айыл өкмөттө фермерлерди колдоо, элди эт, сүт, дан эгиндерин элибизге жеткирүү реформаңызга тоскоолдук болуп жатат. Айыл өкмөткө жергиликтүү тургун тарабынан коркутуу болуп, ишине тоскоолдук болууда. М.Ж. элди топтоп, айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратууда. Анткени айыл өкмөттөгү «Кыргызгипроземдин» аныктамасы менен 9 гектар 20 сотых шарттуу сугат жер бар. Ал эми Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин (госрегистр) тарабынан 15 гектар жер шарттуу сугат жер деп аныкталган. 15 гектар жер айылдык кеңештин депутаттары тарабынан сессияга коюлуп, айыл өкмөттүн балансына алынган. Ал жерге сынак өтүп 7 адамга 2 гектардан жер бөлүнүп берилген. Анткени ал жерди өздөштүрүү көп чыгымды талап кылат. Бирок М.Ж. аттуу жаран ал жер жайыт жер деп элди топтоп иштетүүгө тоскоолдук жаратууда», - деди ал.
Анарбай Эргешов буга катар эле аталган жаран менен 2004-жылдан бери талаш-тартыш жаралып келгенине токтолду.
«Мен 2004-жылдан бери М.Ж. аттуу жаран менен келише албай келем. Менин «Эламан-Үмүт» фермердик дыйкан чарбам бар. Мен ошол жерге пахта эгип келгем. М.Ж. пахтамы алып койгон. Менин пахтамды алганы боюнча тергөөчүнүн токтому бар, соттун чечимдери бар. Ушул күнгө чейин мага келтирген чыгымдарды төлөп бере элек.
Биз өткөн жылы айыл өкмөт менен келишим түзүп, буудай айдоо үчүн дагы ижарага жер алгам. Ушул жылдын январь айында жерди айдап баштаган учурда М.Ж. элди топтоп келип, биздин айдоо иштерибизди токтотуп койду.
Бизге берилген жердин документ иштерин тактап көрсөм айыл өкмөттүн балансында эмес экен. Мен кайра ал жерди иштетүүдөн баш тарткам. Биз изилдеп көрсөк 150 гектар жер бар экен. Ошонун 15 гектар жерин өздөштүрүп эгин эгели десек, элди топтоп тоскоолдук жаратууда. Алардын негизги талабы эле шарттуу сугат жерди жайыт жер кылып берүүнү талап кылып жатышат. Бул боюнча УКМКга арыз жаздык. Алар ишти Сузак РИИБге жөнөтүшүптүр. Сузак РИИБи эки тарапты беттештирбей туруп, элдешти деп жаап коюптур.
Мен облустук прокуратурага чейин кайрылдым. Алар мени кабыл алып текшерүү жүргүзгөндө гана иш жабылганын билдим. Бул жаран муну менен эле токтобостон дагы бир жарандын менчигин өз билемдик менен ээлеп, үй салып алган.
Азыр ошол 15 гектар жерди иштете албай жатабыз. Бизге жогору жактан комиссия түзүп ушул ишти дыккаттык менен текшерип, чекит коюп берүүсүн суранат элем. Урматтуу президент, ИИМдин башчысы Ниязбеков, жогорку соттун төрагасы Сатиев, башкы прокурордон ушул ишти көзөмөлгө алып, тоскоолдук жаратып жаткан жаранга чара көрүп берүүнүздү суранам», - деди Эргешов.
Ал эми аты аталган М.Ж.нын айтымында, ал жерде 50 үй-бүлөнүн жайыт жери бар.
«Биз Өзбекстан менен чектеш жерде жашайбыз. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенебиз. 50 түтүн элдин 150 гектар жайыт жери бар. Ошол жайыт жердин 14 гектардан ашыгын шарттуу сугат жер деп алып жатышат. Биздин киреше булагыбыз мал чарбачылык болсо, жакынкы жайытыбыз өзү аз болуп жатса, кантип тиричилик кылабыз? Биздин айылда аксакалдар бар. Баары магп «сенин унааң бар, ушул иштерди бүтүр» деп мага ишеним артышат. 50 үй-бүлө кайрылып жатат.
Анарбай аганы тааныйм. Анын 5 гектар жери бар. 70 сотвх жерин жараксыз кылып салды. Жерлерди жараксыз кылган адамга кайра дагы 9 гектар жер берилгенинен улам, айыл өкмөткө барып жокко чыгартып, жерди кайтарганбыз. Эми азыр айыл өкмөт дагы 2 гектар жер бериптир. Менин жерге тиешем жок. Аны айыл өкмөт берет. Биздин жакынкы жайыт жерлерибиз кыскарып кетип жатат», - деди ал.
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2005-2012-жылга чейин башчысы болуп келген Абдувахап Хамидов видео кайрылуусунда жергиликтүү жашоочулар инвесторлорго да каршы чыкканын айткан.
«Мен иштеп турган убакта түрк инвесторлор зайтун майын өндүрүүчү завод курууну пландашып, биз макулдашканбыз. Алар эми иш баштайын дегенде жергиликтүүлөр иштетпей, мен башчы катары аябай ыңгайсыз болгом», - деген ал.
Аталган айыл өкмөттүн бүгүнкү күндөгү башчысы Талантбек Бобошевдин айтымында, шарттуу сугат жерди алууга сынак жарыяланып 38 адам катышкан.
«Биз жерди конкурстун негизинде бергенбиз. Азыр ошол жерлерди иштетүүгө жарандарга бергенбиз. Бирок жергиликтүү тургундар 3-4 жолу жайыт жер катары пайдалануу үчүн келип жатышат. Ал жер шарттуу сугат жер болуп эсептелет. Өздөштүрүү үчүн жарандарга атайын комиссиянын чечими менен берилген», - деди Бобошев.
Сузак айыл чарба башкармалыгынын башчысы Темирбек Эгембердиевдин айтымында, 5 гектар жер фермердик чарба үчүн Анарбай Эргешовго берилген.