Turmush — Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери Ак-Буура дарыясын тазалоо иштерин жүргүзүп жатып белгисиз жаныбарды көрүштү. Күбөлөр социалдык тармакта видео менен бөлүштү.
Видеого тартылып калган жаныбар боюнча Ош мамлекеттик университетинин Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Абдиманнап Абдыкааров Turmush басылмасына комментарий берди. Анын айтымында, бул жаныбар америка сугундусу (американская норка) деп аталат.
«Бул жаныбар Кыргызстанга 1960-жылдары алып келинген. Негизинен Ысык-Көлдүн жээктерине жана Чүй өрөөнүнө жайгаштырылган. Акыркы жылдары алардын саны кескин көбөйдү.
Америка сугундусунун негизги азыгы мурда жылан куйрук (ондатра) болчу. Бирок бул жаныбар дээрлик жок болуп кеткен. Мындан улам сугундулар башка азык издеп, жерде-сууда жашоочу жаныбарларга (амфибия) жана акыркы учурда адамдардын тоок, жөжөлөрүнө кол сала баштады. Учурда амфибиялар да азайып кеткендиктен, жырткычтар дарыя четтеринде көп жайгашып, үй канаттууларына зыян келтирүүдө.
Бул көрүнүш жаратылыш мыйзамдарынын бузулушунан кабар берет. Адам баласы табияттан акылдуу боло албайт. Чет өлкөдөн алып келинген айрым жаныбарлар же жок болуп кетет, же тескерисинче көбөйүп, зыянкечке айланат. Мисалы, ала канат (майна) чымчыгы да ушундай жол менен көбөйүп кеткен. Азыр америка сугундусу балык чарбачылыгына жана үй чарбаларга чоң зыян келтирип жатат», - деди Абдыкааров.
Буга чейин Turmush Чүй облусунда америкалык кундуздардын (норка) саны көбөйгөнүн жазган.
Балыкчылардын айтымында, Бишкек шаарына жакын жайгашкан Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы суу сактагычтарда америкалык кундуз өзүн толук кандуу кожоюн сымал сезип калган.
«Биз балык уулоого келип, жээкке жаңы эле жайгашканыбызда, капысынан кара түстөгү, шамдагай жаныбар пайда болду. Ал бизге көңүл деле бурбай, буюмдарыбызды, кайырмактарыбызды, жемдерибизди тинтип чыкты. Бирок өзүнө керектүү эч нерсе таппай, жээкти бойлой чуркап өтүп, камыш арасына кирип кетти», - дешкен балыкчылар.
Башка бир суу жээгинде эс алып жүргөндөр да ушуга окшош көрүнүшкө күбө болушкан.
«Бул — америкалык кундуз. Түндүк Америкадан Кыргызстанга алынып келинген инвазиялык түр. Абдан активдүү жырткыч. Ал жыл бою аңчылык кылып, алы жеткенинин баарын кармайт — балыкты, канаттууларды, бакаларды, жыландарды. Жакшы сүзөт жана мыкты чумкуйт. Азыр америкалык кундуз Чүй өрөөнүн абдан активдүү өздөштүрүп, жергиликтүү жырткычтарды сүрүп чыгарып жатат», - деген эколог Александр Сосновский.
Посмотреть эту публикацию в Instagram