Turmush — Ысык-Көлдүн тоолорунда жайгашкан Эңилчек айылы бир кезде шахтёрлордун шаары катары белгилүү болсо, бүгүн кайрадан жанданып, туризмге багыт алган аймакка айланып барат.
Айыл тургуну Урмат Сталбековдун айтымында, бала чагы ушул жерде өткөн. Ата-энеси да убагында ушул аймакта эмгектенип, ошол себептен бул жакка отурукташып калышкан. Кийин өзү кайрадан айылга кайтып келип, ата-энесинен калган үйдү оңдоп-түзөп, туристтерди кабыл алган алгачкы конок үйлөрүнүн бирин ачкан. Ошентип, кезинде шахтёрлордун айылы аталган Эңилчек акырындап кайрадан жандана баштаган.
«Азыр айылдагы тургундар үйлөрүн оңдоп, конок үй ачып, туристтерди кабыл алып жатышат. Өткөн жылы ажообуз Садыр Жапаров айылга келип, менин конок үйүмө да кирип кеткен. Алдыда дагы жаңы конок үйлөрүн ачууну көздөп жатабыз. Учурда келинчегим да кыргыз ашканасынын улуттук тамактарын жасап, туристтерге тейлөө көрсөтүп жатат.
Садыр Жапаров айыл эли менен жолугуп, жол жасалат деген жакшы кабар айтып кеткен. Буюрса, жолубуз оңолсо, айылда туризм дагы да өнүгөт деп үмүт кылып турабыз», — деди ал.
Эңилчек айыл аймагынан жогору жакта жайгашкан жылуу суу тууралуу да эл арасында көп айтылат. Уламышка ылайык, бул жерге илгери Кыдыр ата зыярат кылып өткөн экен. Дары суунун тери ооруларына жана башка бир катар дарттарга пайдалуу экени айтылып келет. Температурасы 50 градуска чейин жеткен ысык сууга түшүү үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтер келишет.
Эңилчек Ысык-Көл облусунун тоолуу аймагында, деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте, Кытай менен чек арага жакын жайгашкан. Бул конуштун түптөлүшү 1980-жылдарга туура келет. Ал кезде бул жерде пайдалуу кендерди, өзгөчө калайды иштеткен комбинат ачуу пландалган.
Бир нече жыл ичинде бул аймакта 20 миңге жакын жумушчу жана алардын үй-бүлөлөрү жашап турган.
Эңилчектин кийин ташталып калышынын негизги себеби СССРдин ыдырашы болгон. Өндүрүш токтоп, бул шаарчага көчүп келүү планы да ишке ашпай калган. Азыр болсо бул жерге жакын аймактарда кытайлык кен казуучу компаниялар иш алып барып жатат. Ал эми айыл тургундары Эңилчекти туризм аркылуу кайрадан өнүктүрүүгө аракет кылып жатышат.