Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен бир катар бала бакчалар ишке берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жыргалаң айылында 120 орундуу, Жаңы-Арык айылында 120 орундуу бала бакчалар пайдаланууга берилди. Ошондой эле Тегизчил айылындагы бала бакчага кошумча 50 орундук тайпа ачылып, Эңилчек айылында 20 балага ылайыкталган жаңы бала бакча ишин баштады.
«Бала бакчалардын ачылышы райондогу балдарды мектепке чейинки билим менен камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзүүдө. Бул өз кезегинде ата-энелер үчүн да чоң жеңилдик болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жакынкы убакта дагы эки бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө.