Turmush — Кара-Балта шаарындагы сейил бакта оргумага зыян келтирилди, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, 26-март күнү эртең менен «Универсал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жогорку сейил багындагы оргумага зыян келтирилгенин аныкташкан.
Алардын айтымында, белгисиз адамдар курулуштун айрым бөлүктөрүн сындырып, натыйжада объектке материалдык чыгым келтиришкен.
Фонтан мындан туура бир жыл мурун толугу менен реконструкцияланган. Ал эми быйыл 21-март — Нооруз майрамына карата ишке берилген.
Буга чейин Turmush басылмасы өткөн жумада белгисиз адамдар Ленин көчөсүндөгү 24 түп кайыңды жабыркатканын жазган.