Turmush — Кечээ, 25-март күнү Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Бийчилер таймашы 2026» сынагы уюштурулуп, 12 бий тобу финалга чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында, сынакка чоң жана кенже тайпалардан турган жалпы 18 бий тобу катышты. Алар кыргыз улуттук бийлерин жана эркин бийлөө тапшырмаларын аткарышты. Бул бий таймашы 2006-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жатат.
Сынакка катышкан бий топтору жана алган упайлары;
- Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин "Тумар" бийчилер тобу - 91 упай,
- Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин "6-Г класс" бийчилер тобу - 100 упай,
- Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин "Звёзды 26" бийчилер тобу - 87 упай,
- Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинин "Жылдыз" бий тобу - 88 упай,
- Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин "Ак Мөөр" бий тобу - 97 упай,
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин "Ажар" бий тобу - 92 упай,
- Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин "Мурас" бий тобу - 85 упай,
- Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин "Күн нуру" бий тобу - 92 упай,
- Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин "Нурдэнс" бий тобу - 100 упай,
- Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин "Ак Куу" бий тобу - 82 упай,
- Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин "Айданек" бий тобу - 93 упай,
- Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин "Жаш кыял" бий тобу - 95 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин "Шоола" бий тобу - 96 упай,
- Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун "Кыял" бий тобу - 99 упай,
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин "Айдай" бий тобу - 99 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин "Арабелла" бий тобу - 88 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин "Азем" бий тобу - 100 упай,
- Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун "Кыял" бий тобу - 100 упай алышты.
Финалга чыккандар:
Кенже тайпалар боюнча:
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин "Ажар" бий тобу - 92 упай,
- Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин "Күн нуру" бий тобу - 92 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин "Шоола" бий тобу - 96 упай,
- Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин "Ак Мөөр" бий тобу - 97 упай,
- Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун "Кыял" бий тобу - 99 упай,
- Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин "6-(г) класс" бийчилер тобу - 100 упай.
Чоң тайпалар боюнча:
- Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин "Айданек" бий тобу - 93 упай,
- Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин "Жаш кыял" бий тобу - 94 упай,
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин "Айдай" бий тобу - 99 упай,
- Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун "Кыял" бий тобу - 100 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин "Азем" бий тобу - 100 упай,
- Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин "Нурдэнс" бий тобу - 100 упай.
Ал эми финалдык тур 1-апрель күнү өтөт.