Turmush — Түп районунун Түп айылында жашаган жаш мугалим Алия Токтобекова бала кездеги кыялын ишке ашырып, бүгүнкү күндө А.Карымшаков атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты сабагынан окуучуларга билим берип келет. Ал өзүнүн эмгек жолунда заманбап ыкмаларды колдонуп, “Жыл мугалими” сынагына даярданып, келечекте мыкты мугалим болууну максат кылууда.
Алия Токтобекова 2000-жылы 24-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. Билим жолу 2018-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинен башталып, 2022-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Мугалимдик кесипке болгон кызыгуум мектеп кезимден башталган.
Жети-Өгүз районундагы Д.Иманов атындагы мектепте окуп жүргөндө 5-класста класс жетекчим Алсеитова Нурзат Базарбековна мага чоң таасир калтырган. Ал сабакты оюн аркылуу түшүндүрүп, окуучуларды кызыктыра билген мыкты мугалим эле. Кийин 10–11-класстарда орус тили жана адабияты сабагынан берген Урманбетова Айнура эжейимдин сабактарына өзгөчө кызыгып, дал ошол сабактарды сүйүп окучумун.
Эсимде калган бир өзгөчө учур бар. 11-классты аяктап жаткандагы линейкада мугалимдерге гүл берүү сунушталганда, мен ойлонбостон Айнура эжейиме гүл сунгам. Ошол учурда эжейим мага бата берип калды. Бата кандай айтылганын музыкадан улам укпай калдым, бирок чогуу бата кылганым эсимде. Азыр ойлосом, ошол батанын кабыл болгонуна ишенем. Балким ошол күн менин мугалим болуу жолума багыт бергендир.
Кесип тандоодо ата-энемдин да чоң салымы бар.
Ата-энем мага орус тили мугалими болуу ылайыктуу экенин айтып, туура кеңеш беришкен. Эмгек жолумду 2024-жылы баштап, бүгүнкү күндө орус тили жана адабияты сабагынан билим берип келем. Азыркы учурда эмгек тажрыйбам 1 жыл 7 айды түзөт. Сабак өтүүдө заманбап “5Е” методун колдонуп, интерактивдүү ыкмалар менен окуучулардын кызыгуусун арттырууга аракет кылам. Мектептеги акылдуу доска, сыналгы сыяктуу технологияларды пайдаланып, оюн элементтери менен сабак өтөм.
Мектептеги ар бир күн өзгөчө жана кызыктуу өтөт. Бир жолу ачык сабак учурунда 40 мүнөткө пландаган сабагымды окуучулар өтө тез аткарып, сабак 6 мүнөт эрте бүтүп калган. Ошондо катышкан мугалимдерден уялып, кайрадан даярданып, бир жумадан кийин ачык сабакты кайра өткөм. Бул да мага чоң тажрыйба болду.
Азыркы учурда “Жыл мугалими” сынагына даярданып жатам. Муну да өзүмдүн чоң максаттарымдын бири деп эсептейм. 2024–2025-окуу жылында “Кара кыргыз республикасы” аттуу темада өткөн сынакта мектептин атынан катышып, 2-орунду багындырдык. Ошондой эле инклюзивдик билим берүү боюнча курс окуп, сертификатка ээ болдум.
Бош убактымды пайдалуу өткөрүүгө аракет кылам.
Окуучуларым менен бирге видеолорду тартып, социалдык тармактарда активдүү болом. Мындан тышкары спортко кызыгам — волейбол ойнойм, шахмат жана тогуз коргоол оюндарын жакшы көрөм. Ошондой эле үй-бүлөм менен убакыт өткөрүү мен үчүн эң маанилүү.
Кудайга шүгүр, 2020-жылы турмушка чыгып, учурда жолдошум экөөбүз 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатабыз.
Келечекте негизги максатым — билимдүү, тарбиялуу, мекенине кызмат кылган мыкты инсандарды тарбиялоо. Окуучуларым эл сыймыктанган, дүйнө суктанган жаштардан болушун каалайм. Ошондой эле “Жылдын мыкты мугалими” наамын алуу — эң чоң максаттарымдын бири.