Turmush — Кечээ, 16-март күнү «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Талас облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Жаныбек Доулбеков каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.
Маалыматка караганда, ал кечээ күнү жумуш учурунда каза болгон. Маркум 60 жашта болчу. Ал бүгүн, 17-март күнү Айтматов районунун Шекер айылында жерге берилди.
Жаныбек Доулбеков «Унаа» мекемесинин Талас облусундагы бөлүмүн 2025-жылдан баштап жетектеп келе жаткан.