Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 03.09.2014 09:18

Кызыл-Кыяда футбол боюнча жолдоштук мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шарында жакынкы айылдар жана Кызыл-Кыянын командалары ортосунда футбол боюнча жолдоштук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жалпы 10 команда, шаардык, айылдык, короо жана көчө командалары жана ишкана уюмдардан турган командалар ойношту. Алар «Шахтёр», «Караван», «Көк-Жар», «Кара-Дөбө», «Жал», «Темир жолчу», «Дан» АК, «Үч-Коргон» айылы, «Ак-Булак», «Спортивная көчөсү» командалары», - дейт «Темир жолчу» командасынын капитаны Бахадыр Нурматов.

Белектер «Абдыш Ата» фирмасы тарабынан берилген. Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Караван айылынын командасы алышты, 2-орунду «Дан» АК, 3-орунду «Темир жол» командасы алды.

Жеңүүчүлөр Кубоктор, медалдар, дипломдор жана 10 миң, 6 миң, 4 миң сом менен акчалай сыйлык алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×