Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баткен облусу 07.04.2014 10:30

Баткенде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Баткен облусунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин арасында шахмат, теннис, жана волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында 1-орунду Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын командасы камсыз кылды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чара Баткен облустук коомдук бирикме тарабынан уюштурулуп, ага 120 миң сом акча жумшалды. Ага саламаттыкты сактоо тармагынан түзүлгөн 4 команда катышкан. Мындай мелдеш Кадамжай жана Лейлек райондорунда да өткөрүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×