Turmush — Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары өлкө жетекчилиген кайрылу жасашты.
Маалым болгондой, алар Чечме булагы боюнча, кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө маалымат берүүнү суранышты. Топтолгон адамдар чек ара маселесин Кыргызстандын пайдасына чечүүнү суранышты.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы Садыкбек Каламов жер тилке боюнча маселе жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте талкуулангандыгын билдирди.
Анын айтымында, Тарых, Үч-Үй, Уйгак-Сай тилкелеринде алардын ата-бабалары жашаган. 1970-жылдан 2000-жылга чейин бул жерлер жергиликтүү элдин макулдугу жок эле кандайдыр бир себептер менен кошуна мамлекетке өтүп кеткен. Айылдыктар башкаларга тиешелүү жерди талап кылбайт. Алар жергиликтүү эл суу ичкен Чечме булагы боюнча маселени чечүүнү суранышат. Булактын суусун чек арага жакын өзбек айылдары да колдонот. Бирлик айыл аймагынын эли буга каршы эмес.
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2021-жылы 26-марттагы маалымат жыйында Кыргызстан менен Өзбекстан Чечме булагын биргелешип колдонуу боюнча өкмөттөр аралык долбоор даярдоо жөнүндө макулдашуу болгонун билдирген.
Мурда бул Чечме булагы кыргыз-өзбек чек арасындагы тургундардын ортосунда чырлардын чыгышына себеп болуп келген. Тургундар эки өлкөнүн жарандары бул булакты көптөгөн жылдардан бери колдонуп келишкендигин айтып беришкен.
Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов 2022-жылы 14-ноябрда өзбек парламентинде сөз сүйлөп Фергана облусунун Сох районундагы Чашма булагынын аймагын Кыргызстан менен Өзбекстан чогуу пайдаланарын айткан.
Ариповдун айтымында, Чечме булагын чогуу башкаруу жана тазалоо боюнча өзүнчө өкмөттөр аралык келишим түзүлөт. Буга чейин аталган аймак чыр-чатактын себеби болуп келген.
Кадамжайлыктардын Чечме булагы боюнча берген сунушу жөнүндө кенен маалыматты биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.