Turmush — Давранбек Маматкулов Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Д.Маматкулов 1977-жылы туулган. Буга чейин Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген. Бир топ жыл милиционер болуп иштеген. Милициянын майору.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүн 18 жылдан бери жетектеп келе жаткан Алчыбай Төралиев кечээ, 11-октябрда кызматынан бошотулду.