Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.12.2019 14:57 На русском

Мекендештер: Г.Төлөгөнованы «шок кылган» арабдардын сөзү же учактагы адамдын өлүгү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьево айылында чоңойгон 28 жаштагы Гулина Төлөгөнова 1,5 жылдан бери Кувейттеги авиакомпанияда стюардесса болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Айылдан ааламга кеткен жол

Айылдагы мектептен билим алып чыккам. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырып, 2013-жылы аяктагам. Биринчи жолу чет өлкөгө студенттик учурда чыктым. Жайкы эс алуу учурунда түрк тилин үйрөнүү үчүн Түркияга барып жүрдүм. Түркиянын көптөгөн шаарларын кыдырып, тилин, салттарын, маданиятын көрүп келгем. Окуумду аяктаган соӊ кесибим боюнча 2 жылдай жактоочунун жардамчысы болуп эмгектенип, тажрыйба алдым. Ошол учурда убактым кенен болгондуктан англис тил курстарына барып, үйдөн да өз алдымча окуп, тил үйрөнө баштадым. Тил билгеним көп нерсеге жардам берди. Араб өлкөлөрүнөн биринчи дүйнөдөгү эӊ бай деп эсептелген Катар мамлекетине баргам. Анда 2015-2017-жылдар болчу. 2 жылдык келишим аяктаган соӊ дагы башка жакка барууга чечтим. Кийинки сапарым Дубайга болду. 1 жыл иштеп, өз жериме кайткан болчумун.

Авиалинияда 3 ай билим алдым

Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарында 1,5 жылдан бери иштейм. Стюардесса кесибине интернет булактарынан эле анкета толтуруп, анан сынактан өтүп кеттим. Авиалиния өзү 3 ай окутуп, ар кандай сынактарды тапшырып жүрдүм.

Кувейт абдан чакан өлкө болгондуктан аэропорту башка араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу чоӊ деп эсептелбейт. Өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы аэропорттун ичинде спирт ичимдиктери сатылбайт жана бажыдан өткөрүүгө тыюу салынган. Динде тыюу салынган ар кандай заттарды, буюмдарды өткөрүүгө болбойт. Аларды алып өтүүгө аракет кылгандардын ар биринин жазасы бар же жок дегенде конфискациялоо менен бүтөт.

Кувейттиктер, айрыкча айымдары көп иштебейт

Аз эле бөлүгү иштегенин көрөсүӊ. Ошол себептен сырттан келген башка улуттун өкүлдөрү менен чогуу иштейм. Абдан тартиптүү, бардык учурда жардамга даяр болгон адамдар эмгектенет. Филиппин, Индия, Пакистан, Египет, Иордания, Ливан жана Европанын дагы көптөгөн мамлекеттеринен келгендер иштейт. Иштин тартиби өтө катуу деп эсептебейм. Болгону ишке кеч калбастан учурунда, күнүмдүк учууга чейин боло турган чогулушка барып калышыӊ керек. Өзүӊдү карап, ден соолугуӊду чыӊдап, туура тамактанып, спорт менен машыгып, уйкудан калбаш керек. Өзүӊдү таза алып, иш форманы да таза алып жүрүшүӊ керек. Кандай гана кыйын болсо да күндү-түндү билбей учуп калган күндөрдө да эс алууга убакыт жетиштүү. 1 айда 14-15 күн иштейм. Авиация мыйзамы боюнча иштин графиги математикалык эсеп менен туура жана калыс түзүлөт.

Египет, Сауд Арабия, Иран, Түркия, Азербайжанга бардым

Мен иштеген жер жеке авиалиния болгондуктан жакынкы араб өлкөлөрүнө каттайбыз. Мен Египет, Сауд Арабия, Иран, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөргө барганга жетиштим. Жакынкы Катар, Бахрейн өлкөлөрүнө 45 мүнөттө жетебиз. Эң узакка созулган сапарлар 10 сааттан 1 күнгө чейин болот.

Бийиктен коркуп эс-учун жоготкондор

Асманда учактын ичинде көп эле кызыктуу окуялар болот. Эс-учун жоготуп жатып калган жүргүнчүлөр да кездешет. Андай учурда биринчи жардам көрсөтүүнү билебиз. Бул сөзсүз керек. Учактан фобиясы бар адамдар да болот. Жүрөгүмдү түшүргөн бир окуяга туш болгом. Ошол эч эсимден кетпейт. Учактан 3 араб киши чакырып, «биз биринчи отургучтарга отуруп алалы, шашып жатабыз. Учактан тез чыгып кетели. Анткени алдыбызда агабыздын өлүгү жатат» деп жерди көрсөттү. Мен түшүнбөй калдым окшойт деп ойлоп кайра сурадым. Кайра эле ошону кайталашты. Эмне деп жатат деп биздин араб улутундагы борт коштоочубузга барып айтсам, ал дароо жагдайды түшүнүп, «ооба ошондой, учактын жүк салынган бөлүгүндө булардын өлгөн агасынын сөөгү жүктөлүптүр» деди. Өлгөн адамдын паспортту жана башка документтери, эмнеден каза тапканы тууралуу оорукананын кагаздарын окуп алып кызыктай болгом.

Кувейт элинин жашоо шарты абдан жакшы

Бардык жерде ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Башка араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир аз тазалык жетишпейт. Медицинасы абдан күчтүү, бирок жеке менчик медициналык борборлор өтө эле кымбат. Мыйзам өтө күчтүү. Эч жакта ичимдик сатылбайт. Баңгизатка жана башка зыяндуу нерселерге катуу тыюу салынган. Ошондуктан көчөлөрдө уруш-талаш, мушташкан адамдар кездешпейт. Тынчтык жана коопсуздук биринчи орунда. Ошол эле учурда кызык нерсе — өз жарандарынын жашоого көз караштары абдан ачык. Башка араб айымдарынан айырмаланып ачык кийинип, өздөрүн алып жүргөндөрү башка араб өлкөлөрүнөн айырмаланып турат. Ошол себептен бизге жеӊил. Кувейттик айымдардан ортодо эч кандай түшүнбөстүк же сыноо менен карагандар кездешпейт. Адамдарды үстүнөн карап, катуу сүйлөп эч убакта басынтышпайт.

Ата-энемди саякатка алып чыксам дейм

Ишимди чоӊ каалоо менен аткарам. Күн сайын бири-бирине окшошбогон ар кандай окуялар болгондуктан көп тажрыйба алдым. Бир аз кыйынчылыгы — күн болобу, түн болобу уйкудан туруп, ишке даяр болуп калуу. Күндө ар кайсы улут, ар башка адам менен иштешип, тил табышып, түшүнүшүп иштеп кетүү кызык. Алдыга койгон максаттарым көп. Болгону сабыр менен күтүп, талыкпай эмгектениш керек. Эң негизгиси ата-энем үмүтүн сындырбай, көп нерселерге жетишем деген тилектерим бар. Мен кайсыл мамлекеттерди кыдырсам да ата-энемди ошол жактарга алып барсам деп кыялданам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×