Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 05.11.2019 16:53 На русском

Токтотулган той, ооруканага түшкөндөр: Баткенде үйлөнүп жаткан жубайлар кырсыкка кабылып, унаа талкаланды (сүрөт)

Turmush -  3-ноябрда Баткен шаарында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдирди.

Маалым болгондой, окуя саат 16:00 чамасында катталган. Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 1989-жылы туулган тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. «Мерседес-Бенц» унаасында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп жатышкан жаш жубайлар болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, үлпөт той токтотулган. Учурда жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Тиешелүү органдар тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×