Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 04.11.2019 17:42

Баткенде футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 3-ноябрда Баткен шаарында кичи футбол боюнча мэрдин кубогуна арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 35 жашка чейинкилер жана андан жогорку курактагылар арасында өттү. Жалпы 13 команда катышып, байге фонду 60 миң сомду түзгөн. Жеңүүчү командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

35 жаштан жогоркулар арасындагы жыйынтык:

- 1-орун — 43 жаштагылар (15 миң сом);

- 2-орун — 40 жаштагылар (12 миң сом);

- 3-орун — ардагерлер (8 миң сом).

35 жашка чейинкилер арасындагы жыйынтык:

- 1-орун — 25 жаштагылар (5 миң сом);

- 2-орун — 26 жаштагылар (3 миң сом);

- 3-орун — 30 жаштагылар (2 миң сом).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×