Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 02.11.2019 12:45

Кадамжай шаарындагы билим берүү мекемелери кышка толугу менен даяр

Turmush -  Кадамжай шаарындагы билим берүү мекемелери кышка толугу менен даяр. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жийделик мектеби менен «Жылмаю» бала бакчасына көмүрлөр алынып келинди. Былтыр Жийделик мектебине 22 тонна көмүр берилген. Быйылкы жылга 20 тонна көмүр менен камсыз болду. Мектепке 15-ноябрда жылуулук берилет. Мектептин имараты 2 корпустан турат. Анын бирөөсү электр энергиясы, экинчиси көмүр менен жылытылат. Быйылкы жылы 2 корпусту тең көмүр менен жылытуу пландалууда. Кадамжай шаарындагы аймактык ооруканага 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштаган. Быйыл жылуулук өткөн жылга салыштырмалуу 15 күн мурда берилди. Ооруканага жылына 30 тонна көмүр керектелет.

Кадамжай шаардык мэриясынын балансында 4 мектеп, 4 бала бакча бар. Анын ичинен 1 мектеп, 1 бала бакча көмүр менен жылытылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×