Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 02.11.2019 11:45 На русском

Баткенде Түштүк Корея менен Баткен облусунун кызматташтыгы талкууланды

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрда Баткенде Түштүк Корея менен Баткен облусунун кызматташтыгы талкууланды.

Облустук жетекчиликтин маалыматына караганда, анда өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу менен жолукту. Түштүк Кореянын «КОИКА» эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин «Менин айылым» долбооруна Баткен облусунан 12 айыл кирип, бүгүнкү күндө ал айылдарды өнүктүрүү аракеттери жүрүүдө. Аталган долбоордун алкагында айылдарда бала бакча, ФАП куруу, жолдорду оңдоо, ичүүчү суу түтүктөрүн тартуу сыяктуу социалдык маселелер каралган. «Менин айылым» долбоорунун алкагында уюштурулган айылдык фонддордун өкүлдөрү 2019-жылдын 28-июлунан 15-августуна чейин Түштүк Кореяда окуудан өтүп келишкен.

Жолугушууда тараптар бул сыяктуу кызматташууларды жандантуу, өзгөчө алыскы айылдарда калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында биргелешип аракеттенүүнү макулдашты. Ошондой эле Корея мамлекетинде жана Баткен облусунда убактылуу жашап жаткан корей жана кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, керектүү шарттарды түзүү маселелерин сүйлөшүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×