Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 01.11.2019 15:30 На русском

«Сабап, токко тарттырышты»: Тажикстанга кетип жоголгон баткендик ишкерге көрсөтүлгөн кордуктар. Видео

Turmush -  24-октябрда Тажикстандын Чорку айылындагы базарга кетип, дайынсыз жоголгон баткендик 34 жаштагы ишкер Асылбек Каримов бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстанга аман-эсен кайтарылды. Ал туугандары менен Turmush басылмасынын Баткендеги кеңсесине келип, окуянын чоо-жайын айтып берди.

«24-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Тажикстандын «Чорку» базарына азык-түлүк алганы баргам. Айылда мен бир туугандарым менен иштеткен дүкөн бар. Кортошка, пияз керек болсо «Чорку» базарына барып, бааларын көрүп, анан тажикстандык сатууларга канча килограмм керек экенин айтабыз. Алар үйгө чейин алып келип беришет. Айылда жумуш жок, дүкөн иштетип тиричилик кылабыз. Базарда турсам Тажикстандын бир жараны мени сүзүп өттү. Кайра артына кайрылып келип, «эмне үчүн мени сүзөсүң?» деп атырылды. «Мен эмес, сен өзүң сүздүң го» десем жөнөкөй эле кийимчен 2 жигит мени алып кетишти. Көрсө алар милиция кызматкерлери экен. Алар мени жетелеп бара жаткан учурда иним телефон чалып калды. Сүйлөшөйүн десем телефонумду алып коюшту.

Алар мени Тажикстандын Исфара районуна алып барып, уруп башташты. Ар кандай суроолорду берип, тынымсыз урушту. Андан соң соттон мени 15 күнгө камаган чечим чыгарышты. Кечке маал башыма арчыгычты (полотенце) жаап, үстүнөн скотч менен ороп, унаага салып алып жөнөштү. Жолдон башымды бошотууну сурансам дагы уруп, мурдум канап кетти. Дагы бир жерге алып киришти. Ал жерде 7-8 кызматкер бар экен. Алар кезектешип башымды дубалга сүздүрүп, туш келген жериме урушту. Түнкү саат 1-2 чамасында башыма дагы арчыгыч жаап, скотчтоп, башка жакка алып барышты. Бутумду жип менен байлап, колума кишен салып, жерге жаткырышты. Бирөө буту менен башыма чыгып, бирөө үстөмө чыгып, колумду байлап, токко тарттырышты. Андан кийин бир топ кыргыздардын сүрөттөрүн көрсөтүп, «буларды тааныйсыңбы?» деп кыйнашты. Ыйлап, бакырып жатып тамагым бүтүп калды. Мен өлдүм окшойт деп, жашоодон үмүтүм үзүлдү. «Үйдөгүлөргө телефон чалайын, кайсы жерде экенимди айтып коеюн» десем «аларга билдиргенбиз» деп коюшту.

24-октябрда күнү-түнү уктатпай кыйнашты. Ошентип 10 күнгө жакын алардын токмогун жеп жаттым. Жер төлөгө түшүрүп, бут кийимимдин боосун чечип алып коюшту. Кийимдеримди чечип, жылаңач кылып урушту. «Силер эмне максатта уруш чыгарасыңар? Силерде кимдер лидер?» деп сурап уруп жатышты. Ачка болгондо өздөрүнөн арткан чайдан берип коюшат. Телефонумдагы Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында уруш болгондо тартылган видеолорду көрүп, «сен лидерсиң» деп да кыйнашты.

Кечээ, 31-октябрда түнкү саат 23:00 чамасында алар «доо-арызым жок деп жаз» деп, орусча, тажикче, кыргызча түшүнүк кат жаздырышты. Балдарымды көрбөй калат окшойм деп үмүтүм үзүлүп жатканда кайра кетет окшойм деп сүйүндүм. Исфарадан мени бир унаага салып, Кызыл-Белдеги чек ара пунктуна алып келишти. Ал жерден жакындарым тосуп алды. Азыр буттарым, башым, денем ооруп, титиреп жатам. Бийликтегилер тажик тараптын кыргыз жигиттерин урганы боюнча чара көрүшү керек», - деди ал.

Асылбек Каримовдун 80 жаштагы атасы Каримов Рахим аксакал баласы Тажикстанга аткезчилик менен алектенгени үчүн барган деген сөздөр жалган экенин айтты.

«Балам дайынсыз болуп, 9 күн дегенде араң табылды. Абалы начар, уруп, токмоктошуптур. Мамлекет өз жаранын коргой албай жатат. Менин балам аткезчилик менен Тажикстандагылардын колуна түшкөн эмес. Тажикстандын «Чорку» базарына азык-түлүк алганы барганда алар өздөрү түртүп өтүп, анан алып кетишиптир», - деди ал.

Ал эми агасы Сами Каримов иниси ооруканага жаткырыла турганын айтты.

«Инимди кармап кетишкенден кийин жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына кайрылсак, эч кандай маалымат бере алышкан жок. Тааныштарыбыз аркылуу Асылбектин кайсы жерде кармалганы боюнча маалымат алдык. Көрсө, 15 күнгө камоо боюнча соттон токтом чыгыптыр. Аны угуп, облус башчысы Акрам Мадумаровго кайрылдык. Кечинде бизге «Иниңди алып келе жатышат. Кызыл-Бел айылына баргыла» дешти. Бизге ал жактан инимди чек арачылар беришти. Тажик тарап Асылбекти уруп, кыйнап, токко тарттырып, тажиктин атын укканда корко турган кылып коюптур. Бийлик бул маселени колго албаса болбойт. Эртең башка бирөөнү ушинтиши мүмкүн. Инимди ооруканага жаткырабыз. Ден соолугу начар», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 29-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын 1985-жылы туулган тургуну Асылбек Каримов 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Анын бир тууган агасы Абдисамат Каримовдун айтымында, иниси Асылбек Каримов 24-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Тажикстандын Чорку айылындагы базарга азык-түлүк сатып алууга кеткен.

«Жумуш жоктугунан үй-бүлө багуу үчүн 2 контейнерди дүкөн кылып ачып, 3 бир тууган соода-сатык кылабыз. Буга чейин тажик кошуналар үйгө картошка, пияз, сабиз алып келип берчү. Ошол күнү иним сабиз, пияздын баасын көрөйүн деп «Чорку» базарына жалгыз кеткен. Базарда жүрсө эле жөнөкөй кийим кийген адамдар алып кеткенин Орозбай жана Акмалхан деген кошуналар көрүптүр. Мына 5 күн болду, инибизден дайын жок. Эгер тажиктердин укук коргоо органдары кармаса, кайсы жерде кармап турушканын да эч ким билбейт. Баткен облустук ички иштер башкармалыгына, Баткен районунун акими Каламбек Маркаевге, облус башчысы Акрам Мадумаровго жана анын орун басары Кеңеш Салиховго кайрылдык», - деген ал.

Асылбек Каримовдун жеңеси Тайвахан Каримова кайын инисинин кайсы жерде экенин билип берүү үчүн бийлик өкүлдөрүнө кайрылышканын айткан.

Эжеси Хамида Каримованын айтымында, инисинин 5 кызы бар.

«Биз өзүбүз 10 бир тууганбыз. Инимдин 5 кызы бар. Биз Баткендеги бийликке кайрылганыбыз менен эч бир жыйынтык чыкпай жатат. Бүгүн өкүлчүлүктөн 2 адам, менин иним болуп үчөө Тажикстанга издеп кетишти. Бизге «Тажикстандын Исфара районунда экен» дешкен. Исфара районуна барса ал жакта эмес экен. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго да телефон аркылуу байланышып, инибизди кайсы жерде кармап турганын билип берүүнү сурандык. Бүгүн чалсак телефонун алган жок. Биз өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичтен суранабыз, бизге инибиз боюнча маалымат алууга жардам бериңиз», - деген ал.

Облус жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов тажик тараптан так маалымат болбой жатканын айткан болчу.

«Биз бул боюнча Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда алар так маалымат билбей жаткандыгын айтты. Ал эми бүгүн жетекчиликтин кызматкери менен Асылбек Каримовдун бир тууганын Тажикстанга жөнөттүк. Биз өзүбүз да тажик тарап менен сүйлөшүүгө аракет кылып, иштин чоо-жайын иликтеп жатабыз», - деген ал.

Ишкер табылды:

1-ноябрда Асылбек Каримовдун туугандары ал аман-эсен табылып, үйүнө келгенин билдиришкен.

Маалыматка караганда, аны Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү түнкү саат 1:00 чамасында алып келишкен.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов ишкерди тажикстандык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргызстандын чек арачыларына өткөрүп бергенин билдирген. Алар ишкерди чек ара тозотунан өткөрүп алып, үйүнө жеткирип келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×