Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 01.11.2019 09:29

Тажикстанга кетип дайынсыз жоголгон баткендик ишкер А.Каримов аман-эсен кайтарылды

Turmush -  Тажикстанга кеткен боюнча дайынсыз жоголгон баткендик ишкер Асылбек Каримов аман-эсен табылып, бүгүн, 1-ноябрда үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын туугандары билдиришти.

Маалыматка караганда, аны Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү түнкү саат 1:00 чамасында алып келишкен.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов ишкерди тажикстандык күч түзүмдөрү Кыргызстандын чек арачыларына өткөрүп бергенин билдирди. Алар ишкерди чек ара тозотунан өткөрүп алып, үйүнө жеткирип келишти.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 29-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын 1985-жылы туулган тургуну Асылбек Каримов 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Анын бир тууган агасы Абдисамат Каримовдун айтымында, иниси Асылбек Каримов 24-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Тажикстандын Чарко айылындагы базарга азык-түлүк сатып алууга кеткен.

«Жумуш жоктугунан үй-бүлө багуу үчүн 2 контейнерди дүкөн кылып ачып, 3 бир тууган соода-сатык кылабыз. Буга чейин тажик кошуналар үйгө картошка, пияз, сабиз алып чыгып берчү. Ошол күнү иним сабиз, пияздын баасын көрөйүн деп «Чарко» базарына жалгыз кеткен. Базарда жүрсө эле жөнөкөй кийим кийген адамдар алып кеткенин Орозбай жана Акмалхан деген кошуналар көрүптүр. Мына 5 күн болду, инибизден бир да дайын жок. Эгер тажиктердин укук коргоо органдары кармаса, кайсы жерде кармап турушканын да эч ким билбейт. Баткен облустук ички иштер башкармалыгына, Баткен районунун акими Каламбек Маркаевге, облус башчысы Акрам Мадумаровго жана анын орун басары Кеңеш Салиховго кайрылдык», - деген ал.

Асылбек Каримовдун жеңеси Тайвахан Каримова кайын инисинин кайсы жерде экенин билип берүү үчүн бийлик өкүлдөрүнө кайрылышканын айткан.

Эжеси Хамида Каримованын айтымында, инисинин 5 кызы бар.

«Биз өзүбүз 10 бир тууганбыз. Инимдин 5 кызы бар. Биз Баткендеги бийликке кайрылганыбыз менен эч бир жыйынтык чыкпай жатат. Бүгүн өкүлчүлүктөн 2 адам, менин иним болуп үчөө Тажикстанга издеп кетишти. Бизге «Тажикстандын Исфара районунда экен» дешкен. Исфара районуна барса ал жакта эмес экен. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго да телефон аркылуу байланышып, инибизди кайсы жерде кармап турганын билип берүүнү сурандык. Бүгүн чалсак телефонун алган жок. Биз өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичтен суранабыз, бизге инибиз боюнча маалымат алууга жардам бериңиз», - деген ал.

Облус жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов тажик тараптан так маалымат болбой жатканын айткан болчу.

«Биз бул боюнча Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда алар так маалымат билбей жаткандыгын айтты. Ал эми бүгүн жетекчиликтин кызматкери менен Асылбек Каримовдун бир тууганын Тажикстанга жөнөттүк. Биз өзүбүз да тажик тарап менен сүйлөшүүгө аракет кылып, иштин чоо-жайын иликтеп жатабыз», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×