Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 29.10.2019 17:51 На русском

Баткенде 25 жаштагы жигитти өз үйүндө атып өлтүрүп кетишти. Сүрөт

Turmush -  27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок атылган 25 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит 27-октябрда саат 00:30 чамасында өзүнүн үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз адам сайсыз курал менен арка жагынан ок аткан. Ок чыгарган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну Х.Д. өз үйүнөн кармалды. Анын ок аткан куралы да жанынан табылган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Андан кийин 30-октябрда жергиликтүү тургундар каза болгон жигитти мурдагы кайын атасы аткандыгын билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит аны атууга шектелип кармалган 48 жаштагы Х.Д.нын кызы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал 1 ай мурда башка бирөөгө үйлөнүп, бирок мурдагы аялына тынчтык бербей келген. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо мурдагы аялын кызганган күйөө бала ал жигит менен да мушташып жаңжал чыгарган.

Мындан сырткары биринчи аялынын үйүнө барып уруш чыгарып, аны уюлдук телефонуна видеого тартып, «интернетке жарыялайм» деп опузалап жүргөн. Анын кесепетинен келиндин атасы Х.Д. мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, коркутуп коюу үчүн мылтыгы менен арка жагынан аткан. Бирок жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Анын денеси 28-октябрь күнү жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×