Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 30.10.2019 09:20

Баткендеги чек арада жаңы конушка айыл макамы берилбей, элге шарт түзүлбөй жатат. Видео

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Тажикстан менен чектешкен Жолдошбай Момунов атындагы жаңы конушка айыл макамы берилбегендиктен эч кандай шарт жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы конушта 600 кожолукка үй куруу үчүн жер бөлүнүп берилгенине 5 жыл болгон. Бирок азыркы учурда анда 50гө жакын түтүн жашайт. Бул конушка айыл макамы берилбегендиктен эч кандай шарт жок. Элеттиктер бийликтен айыл макамын берүүнү суранып келишет.

Гүлзат Дүйшөбай кызы үй-бүлөсү менен бул жерге көчүп келгенине 2 жыл болгон. Бир үйдө 2-3 келин менен жашагандыктан бул конушка келип туруп калган. Ошондон бери аларда электр энергия жок. Жаңы конуш облустун борборунан болгону 10-15 чакырым алыста турганы менен мындагылардан бир дагы жетекчи кабар албайт. Негизинен от жагып тамак-аш бышырышат. Кечинде атайын шам чырактарды пайдаланышат.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимовдун айтымында, аталган конушка айыл макамын берүү үчүн керектүү документтер топтолуп, жогорку бийликке жөнөтүлгөн.

«Бул жаңы конушка айыл макамын берүү боюнча демилге көтөрүлүп, Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан колдоого алынып, токтом чыгарылган. Баткен райондук администрациясы тарабынан да макулдук берилип, облус жетекчилигинен да токтом чыгарылып, сунуш өкмөткө жөнөтүлгөн», - деди ал.

Жолдошбай Момунов жаңы конушу Тажикстандын Исфара району менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×