Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.10.2019 12:31

Кызыл-Кыяда ийгилик жараткан спортчуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 28-октябрда Кызыл-Кыя шаарында спорттук таймаштарда ийгилик жараткан Касымов Калдарбек менен Камчыбек кызы Заринаны салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Маалым болгондой, Калдырбек Касымов 18-20-октябрда жиу-житсу жана грэпплинг боюнча Италиянын Рим шаарында өткөн Европанын ачык чемпионатында 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту. Камчыбек кызы Зарина Бишкек шаарында өткөрүлгөн грэпплинг боюнча таймашта 1-орунду камсыз кылып, Кыргызстандын чемпиону деген наамга ээ болгон.

Чемпиондорду Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилиги, жаштар жана тургундар тосуп алышты. Шаардын вице-мэри Асылбек Маткалыков Калдарбек Касымовго 50 миӊ сомдук сертификат тапшырды. Акча каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×