Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.10.2019 18:29 На русском

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарадан сүрөттөр

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.

Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер, Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.

Мааракелик иш-чаралардын алкагында театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды. Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×