Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.10.2019 18:47

Кадамжайдагы рейд учурунда мас айдоочулар кармалды

Turmush -  Кечээ, 24-октябрда Кадамжай районундагы айдоочуларга карата рейд уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сабыр Абсаматов билдирди.

Анын айтымында, рейд жол кырсыктарды алдын алуу максатын көздөйт. Анын жүрүшүндө уруксат кагаздары жок эл ташып, унаасына кошумча отургучтарды орнотуп жана мас абалда жүргөн айдоочулар кармалды. Аларга карата жалпысынан 197 протокол түзүлүп, мас абалдагы 5 айдоочу кармалды. 13 унаа айып короого киргизилди.

Быйылкы жылдын 9 айында Кадамжай районунда 82 жол кырсыгы катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×