Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.10.2019 17:09

Кадамжайдагы рейдде 50дөн ашык айдоочу айыпка жыгылды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Кадамжай районунда «Рулда» жана «Коомдук унаа» рейддери өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сабыр Абсаматов билдирди.

Анын айтымында, рейддер жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөйт.

«Рейдде жол эрежесин бузган 50дөн ашык айдоочуга протокол түзүлдү. Анын ичинен 3 айдоочу мас абалда экени аныкталып, 4 унаа айып короого киргизилди. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын кээ биринде документтер жок экени жана кошумча отургучтарды орнотуп алганы аныкталды», - деди ал.

Кадамжай районунда ушул жылдын 9 айында 82 жол кырсыгы катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×