Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 22.10.2019 18:15 На русском

«Көмүп коюшкан»: Бизнесмендин жансыз денеси табылган жерден сүрөт

Turmush -  Уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн 37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеманды Кочкор районунун Кочкор айылынын аймагындагы тоо тарапка көмүп коюшкан. Ал көмүлгөн жер жолдон 10 метрдей алыс.

--------------------------------------------------------

Бишкекте октябрдын башында резонанстуу кылмыш болду. 37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеманды кылмышкерлер уурдап, андан кийин өлтүрүп кетишкен. Анын денеси эки жумадан кийин Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагынан табылды.

Ишкер 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү ишкердин туугандары милицияга кайрылышкан.

Укук коргоо органдары Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгошту.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-октябрда жалпысынан 8 киши кармалып, анын төртөө күбө катары сурак беришти. Ал эми кылмышка негизги шектүү катары кармалган жарандар: Нарын облусунун 1964-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган Ш.У. аттуу тургуну, Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну жана Казакстандын 1986-жылы туулган Д.В. аттуу жараны Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынды. Шектүүлөрдүн арасында милициянын пенсионери жана Чүй ОИИБдин мурунку инспектору бар.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Нарын облусунда туулган 55 жаштагы эркек киши кылмышты уюштурган деп шектелип жатат.

Ошондой эле маркумга тиешелүү унаа табылган. Свердлов РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан уурдалган «ВMW X5» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны күбөлөрдүн бири башкарып бара жаткан. Ал унаа ак түстөн кара түскө боёлуп калган.

Хуфур этникалык уйгур жана 6 баланын атасы болгон. Маркум ишкер «Мадина» кафесинин ээси. Бүгүн, 22-октябрда Восток айылында маркум акыркы сапарга узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×