Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Баткен облусу, Баткен 16.10.2019 15:22

Баткенде милиционерлердин арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 15-октябрда Баткенде кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине жана милициянын маркум лейтенанты Рахманов Уланбектин элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, таймаш милиция кызматкерлеринин арасында уюштурулуп, жалпы 9 команда катышты. Ага У.Рахмановдун ата-энеси, туугандары жана балдары келип, куран окутулду. Жыйынтыгында жеңишке жетишкен командаларга сыйлуу белектер, акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. У.Рахмановдун туугандарынын баалуу белектери да ыйгарылды.

Жыйынтык:

- 1-орун – Лейлек РИИБдин командасы;

- 2-орун – «Шумкар» атайын багыттагы полктун курама командасы;

- 3-орун – Баткен РИИБдин курама командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×