Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусу, Баткен 15.10.2019 14:20

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 14-октябрда Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, байге фонду 140 миң сомду түзгөн мелдешке 13 команда катышты. Оюнчулар облустагы мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери, студенттер, 60 жаштагы футбол сүйүүчүлөр да болду. Мелдештин жыйынтыгында 4-орунду Сүлүктү шаарынын «Шахтер» командасы ээлеп, 15 миң сом утту. 3-орунду Баткен «Ю17» командасы ээлеп, 25 миң сом, 2-орунду Кызыл-Кыя жаштарынан түзүлгөн «Шахтер 2» командасы ээлеп, 40 миң сом акчалай сыйлык алышса, 1-орунду Баткен районунун «Кызыл-Бел» командасы ээледи. Жеңүүчү команда кубок жана 60 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×