Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.10.2019 17:17

Айыл турмушу: А.Шумкарбекова айылда шөкүлөлөрдү жасап, чеберчиликти аркалап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 24 жаштагы тургуну Айчүрөк Шумкарбекова ар кандай кооздуктарды жасап, улуттук баш кийимдерди тигип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас шаарынын кызы. Кесиби боюнча дарыгер.

«Атам Борукеев Мирлан, апам Батырбекова Айжан Талас районунун Козучак айылынан болушат. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенет. Мен мектепти аяктагандан кийин Талас шаарындагы медициналык колледждин фармация бөлүмүнө тапшырып, кызыл диплом менен аяктагам. Окууну бүткөн соң Кара-Буура районунун Бейшеке айылына келин болдум. Азыркы учурда 1 кыздын энесимин», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле чеберчилиги жөнүндө айтып берди.

«Мен кол өнөрчүлүккө кичинемден эле кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле ар түрдүү нерселерди тигип жүрчүмүн. Кызым төрөлгөндөн кийин ага шөкүлө тигип көрүү оюма келди. Ал учурда менде эч кандай керектүү материалдар болбогондуктан жолдошумдун эски калпагынын оймосу менен ою салып, колумда бар мончок таштар менен кооздоп жасагам. Ошондон кийин кызымдын шөкүлөсүнө кызыккандар буйрутма берип баштады. Азыркы кезде кыз узатуу, үлпөт тойлорго буйрутма бергендер менен иштешем. Учурда шөкүлөнүн ондон ашык түрү, таажылардын 15 тең ашуун түрү бар. Андан тышкары кийизден тигилип, улуттук оюлар менен чермийлер, заманбап үлгүдөгү баштыктар, 50дөн ашуун ар түрдүү сөйкө, билериктерди, тушоо кесүүгө килемчелерди жасайм. Бул чеберчилик үйдө отуруп киреше табуунун жолу, ошол эле учурда өз колуман жаралган талантымды тартуулоо десем болот. Күндүз үй жумуштары менен алек болсом кечинде буйрутмаларды жасайм», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×