Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 10.10.2019 15:56

Айыл турмушу: Таластык Э.Узенова айылда буйрутма менен кийимдерди тигип жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Элмира Узенова үйүндө кийимдерди тигип сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын кызы. Кийин Талды-Булакка келин болуп келген.

«Биздин айыл башка айылдарга салыштырмалуу тоолуу. Эркектерибиз кышы-жайы малдын үстүндө жүрсө, биз аялдар үйдөн чыкпай кол өнөрчүлүк менен алек болуп келебиз. Ар бир үйдө кол өнөрчүлөр бар. Кээ бири шырдык шырса, кээ бирлери курак куроо менен күн өткөрүшөт. Этти көп жейбиз. Башка айылдан конокко келген туугандар «этсиз жашай албайсыңар да ээ» деп таң калып кетишет (күлүп).

Балдарымды мектепке узатып, алар келгенче тамак жасап күтүп алам. Кыз кезимден эле бактылуу аял, мээримдүү эне болсом деп көп тилек кылчумун. Жаштын тилегин берет экен. Балдарым менен алышып олтуруп күндүн кандай өткөнүн билбей калам. Үйдө жөн гана бош олтура бербейин деп жаз айынан бери буйрутма алып, кийим тигип келе жатам. Учурда күзгү сезонго ылайыктуу калың кийимдерди тигип жатам. Башында кийим тиккенди билбей көпкө кыйналдым. Бирок өзүм үчүн үйрөнүп жаткандан кийин тырышып үйрөнүп алдым. Өзүмдүн апам, чоң энемдер чебер айымдардан болгон.

Мен атайлап элден буйрутма албайм. Мындайча айтканда «заказчиктер» менен иштесем. Алар мага даяр кылып бычып салып жиберишет. Мен бычылган кездемелерди тигип жөнөтүп жиберем. Ар бир кийимди 60 сомдон тигем. Айлык маянамды 10 күн сайын берип турушат. 10 күндүк жумушумду бир алганда жакшы эле акча чогулат экен. Акча колума тийгенде сүйүнүп, мындан да көп кийимдерди тикким келип калат (күлүп). Тапкан кирешем тамак-ашка кенен жетет.

Айылдагы кыз келиндер менен биргеликте ишкана ачып, ар кимибиз өз иштерибиз менен бир жерде иш алып барсак деген максатыбыз чоң. Буйруса жакын арада ишке ашып калат деп ишенем», - деди ал.

Чебер айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×