Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 10.10.2019 12:00

Баткенде кыргыз-өзбек чек арачыларынын тактикалык машыгуусу өтүп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы тилкеде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, машыгуу 2 этап менен өттү. Биринчи этабында тараптардын чек ара бирикмелери куралдуу басып кирүүгө каршы биргелешкен иш-аракеттерди уюштуруу боюнча өз аракеттерди көрүштү. Экинчи этапта шарттуу душмандын куралдуу басып киришине каршы аракеттерди жүргүзүштү.

Иш-чарага Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы Абдикарим Алимбаев, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Руслан Мирзаев катышты. Кыргыз тараптан машыгууга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын «Бөрү» атайын даярдыктагы отряддарынын аскерлери, ИИМдин жана ӨКМдин өкүлдөрү тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө кыргыз жана өзбек чек арачылары коркунучтарга каршы туруу боюнча аракеттерине жогорку баа берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×