Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 10.10.2019 14:47

Айыл турмушу: Манастык А.Шаметов айылда төө кыштарды чыгарып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Манас районунуна караштуу Жайылган айылынын 32 жаштагы тургуну Адилет Шаметов 2 жылдан бери чакан ишкана ачып, төө кыштарды жасап жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда бул жерде 4 бала иштейт.

«Биз эң биринчи сырт жакта иштеп жүрдүк. Ошондон өзүбүздүн эле жерде бир жумуш ачып иштесек деген ойлор пайда болду. Анан бул жакка келип пескоблок көп деп ойлодук. Бирок үй курганга ылай кирпич жасоо идеясы пайда болду. Ошондон улам пескоблоктун көлөмүндөй кылып төө кыштарды жасап баштадык. Башында станок жок иштеп, азыр 2 станок алдык. Эми топурак ташыганга «КамАЗ» алсакпы деп жатабыз. Буларды чыгарууда ар кандай убакыттар талап кылынат. 2 «КамАЗдан» 1000 кыш чыгат. Бул 15000 сом болот. 5 бала кенен жетишет. Бул жакта иштеген балдарга 5000 сомдон акы төлөйбүз.

Жылына канча кыш чырганыбызды эсептеген эмеспиз. Бирок ушул август айынында 70 миң кыш чыгарыптырбыз. Кыштардын бийиктиги 15 см, туурасы 20 см. Кирешеси ар кандай. 1 кыштын 6 сому чыгашасына кетсе, 7 сому киреше болуп эсептелинет. Мисалы 15 миң сом киреше болсо анын 5-6 миң сому чыгаша болот. Азыркы учурда пландар аябай көп. Ишканабызды чоңойтуп, бышкан кыштарды дагы жасап баштасакпы деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Ишкер үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×