Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2019 12:00

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө үй салууга жер тилкелер жетишпей көйгөй жаралууда

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө үй салууга жер тилкелер жетишпей көйгөй жаралууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мастура Якубова билдирди.

Анын айтымында, Үч-Коргондо 35 миң адам жашайт. Бир үйдө 2-3төн келиндери менен жашаган үй-бүлөлөр бар. Үй салуу үчүн жерге кезекке тургандардын саны 4 миңден ашат. Анын ичинен 600дөн ашык жарандын тизмеси Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жаңыдан өздөштүрүлгөн жер тилкесинен жер алуучулардын катарына кошуу үчүн акимчиликке берилген. Айыл өкмөттө элдин саны жылдан жылга өсүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×