Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.10.2019 21:12 На русском

Бүгүн Кадамжайда 3 тургун көмүр казып жаткан учурда дүйнө менен коштошту

Turmush -  Кадамжай районунда өз алдынча көмүр казуу учурунда 3 адам истүү газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 6-октябрда болжол менен саат 13:00дө Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында болгон. Каза болгондор Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары болушкан. Алар:
- 1998-жылы туулган А.Ажибек, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну;
- 1986-жылы туулган М.Толкун, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Кулуштан айылынын тургуну;
- 1986-жылы туулган Т.Баит, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылынын тургуну.

Маалым болгондой, каза болгондор кароосуз калган жерден жана техникалык коопсуздук сакталбаган шахталардан көмүр казып келишкен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Үч-Коргон айыл аймагынын Боз тилкесинде жайгашкан №5 забойдо үч тургун өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болушкан. Окуя болгон жерге 9 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Буга чейин аталган участкада өз алдынча көмүр казуу учурунда бир адам каза болгон.

-------------------------------------

Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, 5 адам ууланды.

Маалым болгондой, кечээ, 5-октябрда куткаруучуларга аталган шахтада газ чыгып, адамдар уулангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барган учурда 5 адам газга ууланганы белгилүү болгон. Алардын үчөө шахтадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Андан соң Кош-Булак айылындагы ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер эчак эле каза болушканын билдиришкен.

Ал эми калган эки адамдын абалы туруктуу болгон.

Каза болгондор:
- Н.Я.,1975-жылы туулган;
- Ж.Я.,1977-жылы туулган;
- К.Я.,1979-жылы туулган.

Үч бир тууган тең Лейлек районунун Сүлүктү шаарынын тургундары болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×