Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Исфана 03.10.2019 11:01

Бүгүн түндө Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондордо 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×