Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 02.10.2019 13:17

Баткендин Көк-Таш айылына ИИМдин ротасы жайгаштырылат

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Шайдулла Ганы атындагы орто мектебине ИИМдин ички аскерлеринин өзүнчө ротасы жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда белгилүү болду.

Маалым болгондой, Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев Баткенге иш сапары менен келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов менен жолугушту. Анда өзүнчө ротаны мектепке жайгаштыруу маселеси каралды. Учурда жоокерлер үчүн атайын имараттын курулушу башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×