Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.10.2019 16:27

Кызыл-Кыя шаарында улгайган апалар менен аксакалдар сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 1-октябрь — Карылар күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарында улгайган апалар менен аксакалдар сыйланды.

Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин шаарда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин улгайган адамдарга кам көрүү боюнча 1 айлык жарыяланган. Анын алкагында карыяларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп, короо-жайларын иретке келтирүү, тиричилик жумуштарына жардам берүү аракеттери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү майрамга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сом бөлүнүп, улгайган 100 адам чакырылып, концерттик программа коюлуп, белектер тапшырылды.

Андан сырткары, квартал комитеттеринин сунуштоолорунун негизинде тизме түзүлүп, 100 карыя мекеме-ишканаларга жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилди. Мекеме-ишканалар тарабынан акчалай, азык-түлүк түрүндө жардамдар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×