Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 29.09.2019 16:57 На русском

Кадамжай шаарындагы Ош–Баткен–Исфана жолунда мыйзамсыз курулуштар алынууда

Turmush -  Кадамжай шаарында жолдун жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын борбордук Орозбеков көчөсүнүн 2 чакырымы кеңейтилет.

Алишер Жолонов Орозбеков көчөсүндө жолдун боюнда ашкана иштетип жатканына 20 жылдын жүзү болду. Бирок ашканасынын имараты кызыл сызыктан өтүп кеткендигине байланыштуу мерия тарабынан эскертүү берилген.

«Бул менчик объект. Үстү (2-кабаты) ижарага алынган. Беш жылда бир жолу ижара акысын төлөйм. Мэриядан эскертүү берилип, айла жок жылдырып жатабыз», - деди Алишер Жолонов.

Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев айрым ишкерлер мериянын эскертүүлөрүн туура эмес кабыл алып жатышканын билдирди.

Кадамжай шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Бактыбек Искендеровдун айтымында, Орозбеков көчөсүндөгү курулуштар буга чейин айыл өкмөттүн убактылуу токтому менен берилген. Бирок токтомдордун мөөнөтү бүткөн. Ош–Баткен–Исфана жолунун Кадамжай шаарындагы бөлүгүндө жалпы 17 курулуш кызыл сызыктан чыгып, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×