Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.09.2019 14:13 На русском

Сүрөт — Кызыл-Кыя шаарында түшүм майрамы белгиленди

Turmush -  27-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында «Алтын күз—2019» аталышындагы түшүм майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын алкагында дыйкандар жана фермерлердин ортосунда сынактар, айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси уюштурулду. Жармаңкеге өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, тургундар катышты.

Иш-чара Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын Ак-Булак, Жин-Жиген, Кадамжай районунун жана Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Дөбө, Марказ, Майдан, Ак-Турпак, Төөлөс, Чоӊ-Кара, Кара-Таш, Ынтымак, Үч-Коргон, Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары өздөрү өстүргөн жана өндүргөн мөмө-жемиштерин, балык, эт жана сүт азыктарын базар баасынан арзан баада сатышты.

Ошондой эле уюштурулган сынактын жеӊүүчүлөрүнө мэрия тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Караван аймактык башкармалыгы, 10 миӊ сом;

- 2-орун — Үч-Коргон айыл өкмөтү, 5000 сом;

- 3-орун — Төө-Моюн айыл өкмөтү, 3000 сом.

«Алтын күз» жармаңкесине активдүү катышкандарга дагы кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилди. Байге фонду жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, 51 миң 500 сом бөлүнгөн.

Кызыл-Кыя шаарында «Алтын күз» жармаңкеси жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×