Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 28.09.2019 13:40

Баткендеги окуучулар майып небереси менен жашаган 84 жаштагы пенсионерге жардам беришти (видео)

Turmush -  Баткен шаарындагы мектептин окуучулары 84 жаштагы пенсионер апага жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары менен биргеликте 84 жаштагы Алла Горячеванын короосун тазалап чыгышты.

«21 жаштагы майып неберем — Антош менен жашайм. Антош гидроцифалия (баш мээнин оорусу) менен төрөлгөн. Апасы менен атасы ажырашып кетишкен. Апасы экинчи жолу турмушка чыгып, учурда Россияда жашайт. Үйүмдүн айланасын тазалаганга мүмкүнчүлүгүм жок. Антошту жалгыз таштап кете албайм. Бир айда 10 жолу, кээде күнүнө 2-3 жолу талма оорусу кармап калат. Антошту караган дарыгер ким экенин билбейм. Бир дагы жолу дарыгер келген эмес. Үйгө чакырып да келтире алган жокмун. Мен майып бала менен бара албайм», - дейт Алла Горячева.

Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери Антошту жуунтууга жардам берип турушарын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×