Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 27.09.2019 16:41

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү менен Улуттук илимдер академиясы кызматташат

Turmush -  Кечээ, 26-сентябрда Баткен мамлекеттик университетинде илимий-техникалык кеңештин экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан илимий маселелерди тез жана натыйжалуу чечүүнү камсыздоо максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров келишимге кол коюшту. Анын максаты – илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында өз ара кызматташууну жөнгө салуу, Баткен облусунда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган илимий-инновациялык жана илимий-билим берүүчү долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу, аларды жүзөгө ашыруу.

Ошондой эле Баткен облусунда Улуттук илимдер икадемиясынын түштүк аймактык бөлүмүнө караштуу медициналык-социалдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лаборатория ачылды.

Андан сырткары Баткен мамлекеттик университети тарабынан «Илимге жол», «Студенттик-волонтердук кыймыл», «Прикладдык илимий изилдөөлөр жана инновациялардын Баткендеги илимий окуу борбору» аталышындагы долбоорлор сунушталды. Бул долбоорлор Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жергиликтүү адистердин илимий деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×