Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.09.2019 19:33 На русском

Видео — Кызыл-Кыяда депутатка таандык имарат өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 25-сентябрга караган түнү саат 01:18 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан мурдагы «Заря» клубунан өрт чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өрттөнгөн имарат 1972-жылы туулган Ж.Калматовго таандык. Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык №62 өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери саат 01:23тө барышкан. Саат 01:25те дагы 1 бөлүм, ошондой эле жардамга Үч-Коргон айылында жайгашкан №75 өрт өчүрүү бөлүмүнүн 1 бөлүм жана 3 куткаруучу, Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан №104 бөлүмдөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 02:45те курчоого алынып, толугу менен саат 05:00дө өчүрүлгөн. Өрттөнгөн аянт 391 чарчы метрди түзгөн. Анын кесепетинен 400 даана шифер, 15 куб жыгач күйгөн. Өрттүн чыгуу себептери такталууда. Адамдар жабыркаган жок.

Калматов Жыргалбек Сагынбаевич Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты («Республика—Ата Журт»).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×