Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баракелде, Бишкек 11.09.2019 10:02

Комузчу Эламан менен Айбек Өзбекстандагы сынактан 5 000 доллар утуп келишти

Turmush -  Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк тароналари-2019» эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи.

Белгилүү жаш таланттар — бир туугандар Эламан менен Айбек Каныбековдор Кыргызстандын атынан барышкан.

Сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтүп турат. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашык улуттук салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр катышкан. Кыргызстандык жеңүүчүлөр К.Орозовдун «Жаш кербез», Н.Абдрахмановдун «Мезгил жаңырыгы», А.Огомбаевдин «Ак тамак, көк тамак» жана Н.Борошевдин «Кара өзгөй» күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтыра алышкан. Эл аралык сынактын калыстар тобуна Кыргызстандын атынан эл артисти Роза Аманова да кирген.

Эламан жана Айбек Каныбековдор Жумгал районунун Миң-Куш айылынан болушат. Кичи мекенин жакшы көргөн таланттар ар жыл сайын Миң-Куш айылына барып, өз өнөрлөрүн тартуулап турушат. Өнөр ээлери К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз улуттук консерваториясын жана М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатын бүтүрүшкөн.

Учурда Эламан Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын «Камбаркан» фольклордук ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблинде иштеп, М.Абдраев атындыгы музыкалык окуу жайында сабак берет. Ал эми иниси Айбек К.Орозов атындыгы ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблинде эмгектенет.

«Айбек бир тууган иним. Ал 1995-жылы туулган. Консерваториянын эл аспаптар бөлүмүн быйыл бүтүрдү. Айбек 3-класстан баштап комуз чертет. Жогорку окуу жайга чейин Мукаш Абдраев атындагы комуз мектебин бүтүргөн. Учурда К.Орозов атындагы ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблинде эмгектенет. Эми өз алдынча иштеп баштадык.

Бул сынакта Роза Аманова башка калыстарга биздин талантыбызды, комузду түшүндүрүп берди. Жыйынтыгында жеңишке жеттик. Эженин салымы чоң болду», - деди Эламан.

Аталган эл аралык сынак Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдун катышуусунда өткөн. Жеңүүчүлөр 5 миң доллар акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×