Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.09.2019 15:00

«Эмаком» курулуш компаниясынын кызматкерлери волейбол жана кичи футбол боюнча мелдештерде күч сынашты. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясынын кызматкерлеринин арасында спорттун волейбол жана кичи футбол түрлөрү боюнча мелдеш өттү.

8-сентябрь күнү уюштурулган мелдешке курулуш компаниянын президенти Эмилбек Жусупов да катышты. Ал кызматкерлерди биримдикке, ынтымакка чакырып, дени сак жашоого үндөгөн.

«Урматтуу биздин компаниянын кызматкерлери, баарыңыздар өз ишиңерди мыкты аткарып, компаниянын имиджин көтөрүп, биримдикте иштеңиздер. Ден соолугуңар чын болсун. Биз мындай мелдештерди байма-бай уюштуруп турууга аракет кылабыз», - деди Э.Жусупов.

Мелдеште кызматкерлер бир нече командага бөлүнүп, жеңүүчүлөр курулуш компаниянын президентинин ардак грамотасына, дипломуна жана акчалай сыйлыктарына ээ болушту.

«Эмаком Холдинг» компаниясы ар дайым спорттук мелдештерди уюштуруп келет. Буга чейин Ноокат районунда баш байгеге 3 автоунаа коюп, Ош облусунун райондору арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурган.

Курулуш компания 2017-жылы негизделген. Компания Ош, Бишкек, Ноокат, Кызыл-Кыя шаарларында көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×