Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 03.09.2019 12:04

Лейлектин Ак-Суу айылында 2 мектеп биригип, кыргыз-өзбек тилдүү мектеп ачылды

Turmush -  Кечээ, 2-сентябрда Лейлек районунун Ак-Cуу айылында жаңы курулган мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп 475 балага ылайыкташтырылган. Чек арада жайгашкан, көп улуттуу Ак-Суу айылында буга чейин Эгемендүүлүк атындагы кыргыз тилдүү мектеп, Максим Горький атындагы өзбек тилдүү мектеп билим берип келген. Аталган 2 мектептин тең имаратынын эскилиги жеткендиктен жаңы имарат курулуп, кыргыз-өзбек мектеби пайдаланууга берилди.

Быйыл жаңы окуу жылында Лейлек районунун аймагында 66 мектеп ишке кирди. Аталган мектептерде 3100 бала 1-класска кабыл алынды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 200 балага көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×