Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 01.09.2019 15:02

Сүлүктү шаарында кош майрам белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Сүлүктү шаарында кенчилердин кесиптик майрамы жана Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чаранын алкагында шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери параддан өтүштү. Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров жана шаардык кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов куттуктоо айтышып, активисттерге, алдыңкы кызматкерлерге жана кенчилерге сыйлыктарды тапшырышты.

Майрамдын экинчи бөлүгүндө жаңы курулган жайкы сахнанын ачылышы болуп, маданият кызматкерлери, балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×