Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.08.2019 16:45

Кадамжайда мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленет

Turmush -  Мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси өзү өскөн Кадамжай районунда быйыл октябрь айында белгиленет. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, облус жетекчилигинде бул маселе боюнча атайын жыйын өттү. Анда иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырмасы коюлду. Ошондой эле жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучуларына А.Орозбеков тууралуу атайын сабактарды уюштуруу керектиги белгиленди.

Мааракени өткөрүү боюнча Орозбеков айыл аймагынын бюджетинен бөлүнгөн акча саясий ишмердин музейин, айыл аймактын инфраструктурасын оңдоого жумшалат.

Тактама:

- Абдыкадыр Орозбеков Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.

- 1907-1916-жылдары наабайчыга жалданып иштеген.

- Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Жарандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

- 1920-1923-жылдары айылдагы болуштукту, райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

- 1924-1925-жылдары Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон. Тоолуу Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жумушчу, дыйкан жана аскер депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз облустук аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланган.

- 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автономдуу облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автономдуу облусунун төрагалыгына шайланган.

- 1926-жылы Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

- Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.

- Кыргыз АССРнин Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду (Чыңгыз Айтматовдун атасы) Жалал-Абадга аким кылып дайындаган.

- 1936-жылы Кыргыз ССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

- Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын башчысы болуп иштеген.

- Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, 1938-жылы май айында атылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

- 1956-жылы акталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×