Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 30.08.2019 14:23 На русском

«Жарым жылаңач эс алган»: Мэрдин интернетте тараган видеосунун чоо-жайы. Видео

Turmush -  Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров Курман айтта жарым жылаңач эс алган деген мааниде интернетте жарыяланган тасма эмгек жамаат менен эс алуу учурунда тартылган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин 14-15-август күндөрү интернетте жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында шаар мэри бир нече адамдар менен тамактанып отурган учурда тартылган тасма жарыяланган. Аталган видео Курман айтта эмес, майрамдан кийинки дем алыш күндөрү Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычында тартылган. Ал жакка мэриянын жамааты эс алуу үчүн барган. Суу жээгинде эс алып, тамактанып отурган учурда тартылган тасма мэр Курман айтта жарым жылаңач эс алган деген мааниде башкаларга тарап кеткен.

Рахманберди Абдыназаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп 2017-жылдын январь айында шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×